Бишкек, 17.10.26. /Кабар/. Драматург жана режиссёр Уланбек Баялиевдин "Чоң казат" аттуу кино-жомогунун премьерасы өтөт.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, кино-жомок Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 17–18-октябрда саат 19:00дө тартууланмакчы.
"Манас" эпосу — кыргыз элинин руханий дөөлөтү, улуттук аң-сезиминин өзөгү жана тарыхый эс тутумунун маанилүү булагы. Анын идеялары кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы жана улуттук баалуулуктардын сакталышы менен тыгыз байланышта.
"Чоң казат" чыгармасында ар кайсы доордо жашаган тарыхый инсандардын тагдырлары бир көркөм мейкиндикте айкалышат. Каармандардын адамдык сапаттары, ички карама-каршылыктары, үмүт-тилектери жана руханий изденүүлөрү аркылуу тарыхый окуялардын артындагы адам тагдырлары ачылат.
Кино-жомок көрүүчүлөрдү тарыхый мураска жаңыча көз караш менен кароого, инсандардын ички дүйнөсүн таанып-билүүгө жана улуттук руханий баалуулуктардын мааниси тууралуу ой жүгүртүүгө чакырат.