Бишкек, 02.07.25. /Кабар/. Бүгүн, 2-июлда “Ынтымак Ордодо” жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында эң жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө "алтын сертификаттарды" тапшыруу аземи өтөт.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышат.
Саат 11:00дө баштала турган иш-чараны түз эфирде Ala-Too24 телеканалынан, ошондой эле УТРКнын, министрлер кабинетинин Facebook социалдык тармагындагы баракчаларынан көрүүгө болот.