Бүгүн Бишкектин чыгыш тарабында суу өчөт

Коом Загрузка... 20 Май 2025 08:50
IMG_1125.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 20.05.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин чыгыш тарабында суу өчөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 20-майда саат 10:00дөн 22:00гө чейин
Калинин көчөсү, Токмок көчөсү ошондой эле Аламедин-1 кичи районунда суу болбойт.

Өчүрүлүүгө туш болгон абоненттер:
- Аламүдүн-1 №№77, 78, 79, 80, 81, 82, 83, 84, 85, 29, 30;
- КОСУ –Загорский көчөсү, 34а;
- Музыкалык мектеп Аламедин-1 №76/1.

Суу түтүктөгү авариялык оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.