Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт

Коом Загрузка... 03 Апрель 2025 08:55
IMG_0526.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 3-апрелде саат 10:00дөн 24:00гө чейин  төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат:

Л. Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев,  Гагарин, Боронбай, Көпүрө-Базар, Ахунбаев, Чортеков, Муромский, Циалковский, Т. Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрүндө, Жумушчулар шаарчасы, Институт земледелия, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштарында (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) жана  Тенир-Тоо конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы).

Ичүүчү сууну өчүрүү "Гагарин" жана "Түштүк-Батыш" суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин өткөрүүгө байланыштуу жүргүзүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген   ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.