Бишкек, 08.08.25. /Кабар/. Бүгүн Жер шары акыркы эки айдагы эң күчтүү магниттик бороонго туш болот. Бул тууралуу Казинформ агенттиги билдирди.
Адистердин айтымында, 5-августта болгон М4.4 класстагы негизги күн тутануудан чыккан массалык плазмалык атылуу мурда күтүлгөндөн алда канча күчтүү геомагниттик таасирлерге себеп болот.
Метеорологиялык моделдердин маалыматына ылайык, Жерди жогорку ылдамдыктагы күн плазмасынын булуту сүзүп өтүп, планетанын магнит талаасына олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн.
Бороон учурунда геомагниттик көрсөткүч 6 баллга чейин жетиши ыктымал. Бул G2 (орточо) деңгээлдеги бороон болуп эсептелет. Мындай деңгээлдеги активдүүлүк акыркы жолу 13-июнда катталган.