Бүгүн "Акылман" президенттик лицейине арыздарды кабыл алуу башталды

Билим Загрузка... 01 Апрель 2025 12:08
WhatsApp_Image_2025_SBvpWQp.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Бүгүн, 1-апрелде Кыргызстанда "Акылман" президенттик лицейине арыздарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу лицейдин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Азирет Асанов билдирди.

Анын айтымында, арыздарды кабыл алуу 14-апрелге чейин уланат. "Арыздарды кабыл алуу мурдагы жылдардагыдай эле сынактык негизде 3 этап менен жүргүзүлөт. Биринчи жана экинчи этап онлайн, ал эми үчүнчү этап оффлайн негизде жүргүзүлөт. 15-16-апрелде тестирлөөнүн мындай түрүн көрбөгөн балдар үчүн пилоттук тестирлөө жүргүзүлөт. Алдыдагы окуу жылына 71 окуучу кабыл алынат", - деди ал.

Лицейдин өкүлү белгилегендей, тестирлөө суроолору 6-класстын программасына толугу менен шайкеш келип, математика, логикалык суроолор, кыргыз тили, орус тили жана тарых предметтеринен турат.