Бишкек башкы архитектурасы 5 миңден ашык арызды онлайн кабыл алды

Коом
Бишкек башкы архитектурасы 5 миңден ашык арызды онлайн кабыл алды
copyright icon www

Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Жыл башынан бери Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы 5 миңден ашык арызды онлайн кабыл алды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, арыздар башкармалыктын автоматташтырылган маалыматтык тутумундагы жеке кабинет аркылуу келип түшкөн. Анын ичинен сентябрда 1 403, августта 1 179, июлда 944 арыз катталган.

Эң көп талап кылынган кызматтар — архитектуралык-пландоо тапшырмаларын даярдоо боюнча 2 049 өтүнмө (40,8%) жана инженердик-техникалык шарттарды иштеп чыгуу боюнча 1 351 өтүнмө (26,9%).

"Электрондук кабинет аркылуу жарандар арыздарды жана документтерди онлайн тапшырып, алардын кароо статусун көзөмөлдөй алат. Бул башкармалыкка баруу зарылдыгын азайтып, кызмат көрсөтүү процессинин ачыктыгын камсыз кылат", — деп белгилешти министрликтен.