Кыргызстанда бүгүн, 5-март — Ак калпак күнү белгиленүүдө. Бул күндү утурлай “Кабар” агенттиги "Кыргыз калпагы муундан-муунга" ишканасынын жетекчиси Клара Асангулова менен кыргыздын улуттук баш кийими калпак тууралуу кызыктуу маек курду.

- Майрамыңыз менен! Алгач бул маанилүү дата кантип белгиленип калгандыгына кененирээк токтолсоңуз.
-Бул күндү белгилөө демилгесин ак калпакты даңазалоо, кадыр-баркын, философиялык маанисин түшүнүү жана көтөрүү максатында 2011-жылы кинорежиссёр Рысбек Жабиров көтөрүп чыккан. Анткени, бир убакта калпактын кадыр-баркы кыйла эле түшүп, жөн эле белекке бере турган буюм катары колдонулуп калган. Аталган демилгени Рысбек Жабиров көтөрүп чыкканда абдан кубандым. Себеби, калпакты даңазалоо түшүнүү тургай кыргыздын таза нукура калпагынын үлгүсү жоголуп бара жаткан. Демилгени угаарым менен “Нукура калпактын үлгүсүн сактап калуу” жөнүндө долбоор иштеп чыктым. Долбоорум ийгиликтүү ишке ашып, жарандарыбыз нукура, таза кийизден тигилген калпак кандай болорун түшүнүп калышты. Калпактын философиялык маанисин түшүнгөндөр, туура кийгендер арбыды.
Ошентсе да бул күн бир нече жыл мамлекеттик расмий белгиленген эмес. Кийинчерээк Жогорку Кеңеш өзүнүн 2016-жылдын 29-июнундагы “5-мартты жыл сайын белгиленүүчү Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизип, 5-мартты — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү катары жарыялаган.

- Жогоруда философиялык маанисин түшүнүү керектигин баса белгиледиңиз. Калпактын илимий жактан артыкчылыгы кандай?
- Негизи калпак таза кийизден тигилиши керек. Тилекке каршы биздин жаштарыбыз синтетикалык кездемелерден тигилген калпактарды кийип алышып, оор болуп жатат, башымды оорутуп жатат деп айтышат. Калпак жасалган уяң жүн терди жакшы сиңирет. Ал өзүндөгү суунун бир бөлүгүн сиңирип алгандыктан аны кийген адамдын башы тердебей кургак жүргөнүнө шарт түзөт. Жүндүн кылдарындагы миллиондогон аба жаздыкчалары суукта да, ысыкта да жылуулукту жакшы сактап турат. Кийизден жасалган калпак күндүн ден соолукка коркунуч алып келген ультрафиолет нурун адамдын мээсине өткөрбөйт.

- Калпак кантип тигилет жана бир калпак канча убакытты талап кылат?
- Калпак ар түрдүү түстө болбошу керек. Нукура кыргыздын калпагы ак түстөгү таза кийизден жасалат. Калпактын тикесинен тик турганы кийизге, ал эми кийиздин сапаты жүнгө байланыштуу. Кийиз өтө жука келсе, бир жайдан чыкпайт. Ал эми жакшы кийизден жасалган калпак бапестеп кийсе 20 жылга чейин чыдайт. Илгери уздар калпакка керектелүүчү кийизди жай мезгилинде камдашкан. Себеби бул учурда жүн ойдогудай, жакшы кургаган. Ал эми азыркы шартта биз жылуу, заманбап кенен жайларда кургатып алабыз. Калпакты тигүү буйрутма берген адамдын кулк-мүнөзүнө жараша болот. Мүнөзү канчалык оор болсо, калпакты тигүү ошончолук оор болот. Ийнеси жоголуп, жиби түгөнүп айтор узак убакытка созулуп кетет. Мүнөзү жакшы шайыр адамдын калпагы аябай жеңил жана заматта тигилет.

-Бир нече калпактын түрлөрүн байкап келем, жалпы калпак түрлөргө бөлүнөбү?
- Салттуу калпакты кыргыздар ар кандай атаган. Эл ичинде жасалышына, кийген адамдын коомдогу ордуна жараша дагы айры калпак, тилик калпак, туюк калпак, хан калпак, Бакай калпак, киш калпак, төрт талаа калпак, эки талаа калпак деп айтылып келген.
Калпакты тигилиши боюнча үч топко бөлүп караса болот. Биринчиси — калпактын кийизи кесилбестен уютулуп жасалат, экинчиси — эки тилкеге бөлүнүп бычылат, үчүнчүсү — төрт тилкеге бөлүнүп даярдалат.

-Калпакты жаш куракка жараша кийүү эрежеси кандай?
-Учурда азаматтарыбыз маанисине карабай каалаган түстөгү кыргагы, кыюусу менен калпак тиктирип кийишүүдө. Негизинен калпактын оюлары жаш курагына жараша түшүрүлөт. Мурда кыргыздар туулган күндү эмес, мүчөлү жашын белгилешкен. Он эки жыл сайын бир мүчөл жашын белгилеп коюшчу. Буга байланыштуу калпакты жаш курагына жараша кийүү концепциясы иштелип чыккан. Эгерде өспүрүм 12 жашта болсо, анда баш кийимдин кыюулары жашыл, 24 жашка чыккандар үчүн көк түс колдонулат. Ал эми үйлөнүүгө даяр, кыз карап жүргөн эркектер кыюусу кызыл түстөгү калпак кийип жүрүшкөн. 36 жаштагылар үчүн күрөң түс, 48 жаштагыларга саргыч, алтымыштагыларга ак түс жарашып, андан кийин акылмандыктын белгиси катары оюм-чийимсиз ак-караны колдонушкан. Бирок азыр замандын агымына жараша, ар ким каалаганын кийип жатат.

-Калпакка болгон салттуу ырым-жырымдарды айтып берсеңиз
-Кыргыздын “элге төбөсү көрүнгөн жигит” деген жакшы сөзү бар. Ошондуктан калпактын башын “шляпадай” кылып жалпайтпай, төбөсүн тик каратып кийүү керек. Илгери көчмөн кыргыз кийген калпагын өзү отурган жерден өйдө койгон. Уукка кыпчып, баканга илишкен. Сыйлуу коноктун астына ат тартып, үстүнө чепкен жаап, кой союп коноктогон, бирок калпагын белекке берген эмес. Себеби "калпагымды бергеним, башымды ийип бергеним, камчымды бергеним, каалаганыңдай кул кылып колдон дегеним" дегенди түшүндүрөт. Калпак муундан-муунга гана өтүшү керек. Анан кичинекей балага бир жашка чыкканга чейин калпак кийгизүүгө болбойт. Анткени, бала бир жылдык циклди жашап өткөнчө анын энергиясы начар болуп, калпактын энергиясын көтөрө албай калат. Калпак жөн эле кыргыздын улуттук баш кийими эле эмес, жигиттерге көктөн энергия алып берүүчү баш кийим болуп эсептелет.

-Калпакты даңазалоодогу азыркы тенденция кандай?
-Кыргызстан эгемендигин алгандан кийин калпакты жайылтуу, ага болгон мамиле башкача өңүт алып, жандана баштады. Жасоо ыкмалары, түрлөрү арбыды, уздар жана алардын чеберчилиги да түрдүү боло баштады. Белгилей кете турган жакшы жагы, атаандаштык арбыгандан улам сапат да жакшыра баштады. Акыркы он жыл аралыгында коомдо бул баш кийимдин кадыры артты. Мыкты кийиздерден уздарга буйрутма берип тиктирип кийгендер көбөйдү. Эксклюзивдүү калпактар пайда болду.
-Маегиңизге чоң рахмат! Ишиңизге ийгилик!