Бүгүн 40 күнгө созулган кыш чилдеси чыкты

Коом Загрузка... 18 Февраль 2026 15:32
599932138_3661237284019444_8684775053759351952_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Бүгүн 40 күнгө созулган кыш чилдеси чыкты. Кычыраган чилде 8-январда түшкөн.

Эл ичинде чилде маалындагы күндөр бөлүштүрүлүп, аларга атайын аталыш берилген.

"Кырдач" алты күнгө созулат. Бул күн 13-январда аяктаган.

"Адынын алты уулу" алты күнгө созулуп, 19-январда аяктаган. Бул күн кыш чилденин эң суук күнү катары белгилүү. Орус элинде бул күндү "Крещенские морозы" деп белгилеп, майрамдашат.

"Жетинин жети уулу" деген 7 күндүк суук бар. Ал 26-январда жыйынтыкталган.

"Каңтар" деген күн 27-январга туура келген бир күндүк суук. "Каңтар" сөзү сууктун теңи бүттү, суук каңтарылды деген маанини билдирет. Казактар январь айын "каңтар" деп аташат.

28-январда 15 күнгө чейин созулган "үт" 11-февралда кайтты. Бул убакыт аралыгында кар көп жаай тургандыгы айтылат. Эл ичинде кар мол болсо "үт келди", аз жааса "жут келди" деп коюшкан. Буга байланыштуу кыргыз элинде "жакшылыгын алса үт, жамандыгын алса жут" деген макал дагы колдонулган.

Кыш чилденин эң акыркы жан-жөөкөрү "апкыт-сапкыт алты күн" деп аталат. Бул убакыт 12-февралдан 17-февралга чейин туура келет.

Кырк күнгө созулган кыш чилде 18-февралда бардык аймакта бүтөт.

40 күнгө созулган кыш чилде ичинен "темир аяз", "мүйүз аяз" жана "кийиз аяз" деп бөлүнөт.

"Темир аяз" мезгили 8-январдан 18-февралга чейин болду.

19-27-февраль аралыгындагы убакыт "мүйүз аяз" деп аталат.

"Кийиз аяз" күндөрү 28-февралдан 13-мартка чейин созулат.