Беш жылда ар кандай кырсыктардан 1 664 адамдын өмүрү сакталып калган

Кырсык Загрузка... 18 Декабрь 2025 12:51
2021-08-20_12-58-44_321581.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. Акыркы 5 жылда Кыргызстанда жалпы 21 миң 975 кырсык катталып, 1 780 адамдын өмүрүн алган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпысынан бул мезгилде өзгөчө кырдаалдардан, өрттөн келтирилген материалдык чыгым 25 млрд сомдон ашкан.

Ушул аралыкта ӨКМдин куткаруучулары тарабынан 1 664 адамдын өмүрү сакталып калган.