Беш жылда керектөө 25% өстү: Энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу тездетилет

Министрлер кабинети Загрузка... 15 Апрель 2026 09:32
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында энергетика тармагындагы инвесторлор, өнөктөштөр жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын болуп өттү. 

Отурумда акыркы жылдары өлкөдө экономикалык көрсөткүч жогору болгондуктан, электр энергиясын керектөөнүн олуттуу өсүшүнө алып келип жатканы белгиленди. Маселен, акыркы беш жылда электр энергиясын керектөө 25 пайыздан ашкан. Статистика боюнча, электр энергиясын керектөө 2020-жылда 15,4 млрд кВт саат болсо, ал 2025-жылдын акырына карата 19,3 млрд кВт саатка чейин жеткен. 

Ошол эле учурда, жаңы генерациялык кубаттуулуктарды киргизүүнүн темпи суроо талаптын өсүшүнөн артта калууда. Ага байланыштуу, министрлер кабинети тарабынан буга чейин жактырылган энергетика тармагындагы инвестициялык макулдашуулардын ишке ашырылышынын жүрүшү жыйындын негизги темасы болду. 

Жолугушуунун катышуучулары Кыргызстандагы энергетика тармагындагы учурдагы кырдаалды ачык талкуулап, отурум инвесторлор менен мамлекеттик органдардын ортосундагы кызматташуунун конкреттүү мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо үчүн суроо-жооп иретинде (B2B форматында) жүргүзүлдү. Анда, Кыргызстанда күн, шамал электр станцияларын жана гидроэлектростанцияларды куруу иштерин жүргүзүп жаткан жана куруу этабында турган компаниялардын маселелери каралды. 

Бул багытта президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев, жогорудагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу өлкө президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары кеңейтилип, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу процедуралары тездетилип, энергетика тармагын өнүктүрүүгө артыкчылык берилгенин билдирди. 

“Албетте, энергетика тармагындагы инвесторлордун өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө кошкон салымы жогору. Кээ бир инвесторлор объектилерди курууда жана ишке киргизүүдө тездик менен ишти эффективдүү ишке ашырууда. Ошол эле учурда, айрым компаниялар өзүнүн милдеттерин аткарбай жатканы бул мамлекеттин же тармактын кызыкчылыгына туура келбейт. Өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында бүгүнкү аянтчага тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда. Биздин алдыбызда электр энергиясынын тартыштыгын кыскартуу жана тармактын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча конкреттүү милдет турат. Учурдагы электр энергиясын керектөөнүн темпи уланса, ал 2030-жылга карата 25 млрд кВт саатка жетиши мүмкүн. Ошол себептүү, мындай шартта биздин алдыбызда стратегиялык тапшырманы аткаруу максаты турат”, – деп белгиледи Бакыт Төрөбаев. 

Ишкерлер менен биргеликте электр станцияларын куруудагы аткарылган иштер, келип чыккан маселелер жана аларды чечүүнүн жолдору талкууланган жыйындын соңунда тийиштүү мамлекеттик органдарга протоколдук тапшырмалар берилди.

Аны менен катар Бакыт Төрөбаев, өлкөдө электр энергияга болгон талап жогору болгондуктан, бул тармакта иштешүүгө кызыкдар ишкерлер менен малекет кызматташууга дайым даяр экенин кошумчалады.