“Беш Манты” дүйнөлүк рынокко чыкты!

Бизнес Загрузка... 30 Май 2025 21:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кыргызстандын “Беш Манты” бренди АКШдагы International Franchise EXPO көргөзмөсүндө fast-casual жана dark kitchen форматында тааныштырылды. Бул жөн гана гастрономиялык дебют эмес, кыргыз ишкердигин жана Борбор Азия ашканасын дүйнөлүк рынокко алып чыгуудагы маанилүү кадам болду. Жаш ишкерлердин бул демилгесин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен “Кыргыз Экспорт” мекемеси колдоду.

IMG_7323

“Биз продуктту эмес, Кыргызстанды тааныштырдык. Борбор Азиянын уникалдуу ашканасын дүйнөлүк рынокко сунуштап, меймандостугубузду көрсөтүп, тамак-аш философиясын түшүндүрдүк”, – дейт бренддин негиздөөчүлөрүнүн бири Айбек Мырзабек уулу.

Манты – постсоветтик өлкөлөрдө кеңири жайылган сүйүктүү тамак. Эми ал эл аралык аудиторияга заманбап бизнес-продукт катары тартууланды. Америка коомчулугу — рестораторлордон тартып диаспора өкүлдөрүнө чейин — мантыны даамдап көрүп, жогорку баасын беришти.

IMG_7329

“Беш Манты” командасынын айтымында, көргөзмөгө келгендер гана эмес, потенциалдуу өнөктөштөр: ресторан тармагындагы оюнчулар, halal операторлору, АКШнын Чыгыш жана Батыш жээктеринен келген инвесторлор да чоң кызыгуу көрсөтүштү. Мындан тышкары, салттуу чектен чыгууга жана жаңы форматтарды издөөгө умтулган ишкерлер да болду.

IMG_7319

Балалыктын даамы – дүйнөлүк даамга айланды

Бул кадам кыргызстандык ишкерлер үчүн дем берүүчү фактор болду. Сапаттуу брендинг, кылдат стратегия жана бекем ишеним аркылуу кадимки эле улуттук продукт да дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүү брендге айлана аларын “Беш Мантынын” командасы көрсөтө алды.

“Беш Манты” – жаңы толкун жаратты

Борбор Азия ашканасы дүйнөлүк кулинария мейкиндигинде али толук тааныла элек. Бирок бул аймак гастрономиялык трендсеттердин көңүлүн бура баштады. Жаңы толкундун алдында – дал ушул “Беш Манты” турат. Бул Кыргызстанды дүйнөлүк гастрономиялык мейкиндиктеги жаңы оюнчу катары көрсөтө турган олуттуу кадам.

IMG_7330

Алдыда: Европа, БАЭ, Казакстан, Түркия

АКШ рыногуна ийгиликтүү кирген соң, бренд өзүнүн эл аралык экспансиясын улантат. Алдыда – Европа, Жакынкы Чыгыш жана КМШ өлкөлөрү. Ошону менен катар, Кыргызстан ичинде да жаңы өнөктөштөр жана инвесторлор менен кызматташуу улантылат.

“Биз менен иштешүүнү каалагандар үчүн эшик ачык. Бизде тажрыйба, колдоо, технология жана эл аралык деңгээлдеги бренд бар. Баары даяр”, – дейт компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Бексултан Коноев.

IMG_7324

“Беш Манты” — кыргыз ишкердигинин жаңы деми болуп калды. Ал дүйнөгө уникалдуу улуттук даамды заманбап форматта сунуштап жатат.

Бул брендди 2019-жылы Айбек Мырзабек уулу менен Бексултан Коноев негиздешкен. 6 жылдын ичинде компания ийгиликтүү өнүгүп, учурда 18 филиал иштеп жатат — анын үчөө Москва шаарында.

IMG_7325

Толук маалымат: www.5manty.kg