Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) өкүлдөрү Москвада өтүп жаткан II Глобалдык санариптик форумга катышууда. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эл аралык иш-чарага дүйнөнүн 120дан ашык өлкөсүнөн IT тармагынын жетекчилери жана эксперттери чогулду. Үч күнгө созулган форумдун алкагында кыргызстандыктар билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуу, ачык программалык камсыздоо, киберкоопсуздук жана чоң маалыматтар (Big Data) багытындагы сессияларга жана практикалык семинарларга катышууда.
Шаар куруу жана архитектура багытындагы адистер “акылдуу шаар” технологияларына жана IT чечимдерин заманбап архитектурага интеграциялоого арналган талкууларга өзгөчө көңүл бурушууда.
Эске салсак, быйыл апрель айында КМТУнун базасында Санариптик чөйрөдө балдарды коргоо боюнча россиялык альянстын катышуусунда мектеп окуучулары үчүн билим берүү марафону өткөрүлгөн. Анын алкагында виртуалдык мейкиндиктеги коопсуздукка арналган “Киберсот” интерактивдүү спектакли көрсөтүлгөн.