Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде ABank окуу борборунун ачылышына катышып, Автоматтык башкаруу кафедрасына заманбап жабдыктарды тапшырды.
Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага өзү да ушул жогорку окуу жайда билим алганын эскерип: “Андагы жагдай менен учурдагы кырдаалды салыштырууга болбойт. Азыр билим менен тажрыйбаны айкалыштыруу үчүн заманбап технологиялар өтө зарыл. Ошондуктан, жогорку окуу жайларын тиешелүү жабдуулар менен камсыздап, келечекке керектүү адистерди тарбиялап чыгышыбыз кажет. Биз бул жааттагы сунуштарды колдоого алып, ар тараптан жардам берүүгө даярбыз”, – деди.
Муну менен катар тапшырылып жаткан заманбап жабдуулар студенттердин татыктуу билим алуусуна кызмат кылсын деген тилегин билдирген Марлен Маматалиев: “Ушул университеттен өлкөбүздүн өнүгүшүнө салымын кошуп, байрагыбызды бийиктерде желбирете турган мыкты уул-кыздар чыгарына терең ишенем”, – деди.
Андан тышкары, окутуучулар жамаатына да жакшы каалоолорун айткан Жогорку Кеңештин төрагасы окуу жайдын ректору Мирлан Чыныбаевге 1 млн 300 миң сомдук сертификат тапшырды.