Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Берлин шаарында өткөн Fruit Logistica эл аралык көргөзмөсүндө Кыргызстандын экспорттук потенциалы көрсөтүлдү.
Көргөзмө КР Экономика жана коммерция министрлиги менен Германиянын Физика-техникалык институтунун "Кыргызстанда сапат инфраструктурасы кызматтарын пайдаланууну жакшыртуу" долбоорунун колдоосу менен өттү.
Иш-чарага Кыргызстандын Германиядагы элчиси жана 7 ата мекендик ишкана катышты. Алар:
- Trade and Logistics Center Global Agro (Жалал-Абад облусу);
- "Интерфрут" ЖЧКсы (Кадамжай району);
- "Алыш Дан Органик" А.Ч.К. (Баткен);
- "Ишкер Кей Джи" КФ (Жалал-Абад облусу);
- "Баткен Фрутс Компани" ЖЧКсы (Баткен);\
- "ОСКО" ЖЧКсы (Бишкек);
- Sun Planet Organic ЖЧКсы (Жалал-Абад облусу).
Кыргызстан бул көргөзмөдө кургатылган жемиштер, жаңгактар жана алардын кайра иштетилген азыктары (грек жана өрүк майы, фисташка пастасы, кургатылган жемиштен жасалган конфеттер жана башка) менен кеңири таанытылды.
Иш-чаранын максаты – өлкөнүн бизнес-потенциалын эл аралык соодада илгерилетүү болду.
Эл аралык рынокко чыгуу үчүн ишканалар төмөнкү талаптарды аткарды:
- тамак-аш коопсуздугу боюнча мыйзам чегинде аккредитацияланган лабораторияларда продукцияларын сыноодон өткөрдү;
- HACCP же ISO 22000 стандарттарынын элементтерин киргизди;
- продукциянын маркировкасын жана таңгагы ЕБ талаптарына жооп беришин камсыз кылды.
Кыргызстандык продукция европалык сатып алуучулар менен өндүрүүчүлөрдүн зор кызыгуусун жаратты. Көргөзмө алкагында көптөгөн B2B жолугушуулар жана ишкердик сүйлөшүүлөр өттү.
Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде кыргызстандык ишкерлердин жолугушуусу болуп, анда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн ЕБ рыногуна жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүү жана зарыл инфраструктураны түзүү маселелери талкууланды.