Беларусь 2030-жылга чейин энергетикалык көз карандысыздыгын күчөтөт

Дүйнө Загрузка... 18 Декабрь 2025 22:35
WhatsApp Image 2025-12-18 at 19.19.42.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.12.25 /Кабар/. Беларустун энергетикалык көз карандысыздыгынын деңгээлин 2030-жылга чейин дагы да жогорулатуу зарыл. Бул тууралуу Беларусь президенти Александр Лукашенко VII Элдик жыйындын экинчи отуруму билдиргенин, БелТа жазды.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы энергетика экономикалык өнүгүүнүн негизги кепилдиги жана өлкөнүн көз карандысыздыгынын маанилүү шарты экенин белгиледи. Анын айтымында, Беларустун бул багыттагы артыкчылыктары маалым. Курулган атомдук электр станциясы өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын олуттуу түрдө бекемдеди. Бирок, 2030-жылга чейин бул деңгээлди дагы жогорулатуу керек.

Александр Лукашенко ошондой эле АЭСтин кубаттуулугу тиешелүү инфраструктураны жаңылоого жана электр транспортуна түрткү бергенин белгиледи.

“Акыркы жылдары 2 млн чарчы метр жаңы электрификацияланган турак жай пайдаланууга берилди. Ошондой эле заманбап беларусь электробустары Минск жана облустук борборлордо гана эмес, Жодино, Шклов, Новополоцк сыяктуу “эксперименталдык райондордо” да каттай баштады”,-деди ал.

Президент өкмөттү жана аймак башчыларын бул тажрыйбаны кеңири жайылтууга чакырды. Ал шаар-спутниктерге чейин ыңгайлуу жана ишенимдүү электробустарды ишке киргизүүнү тапшырып, ошол эле учурда маршруттук таксилерди жоюуга каршы экенин баса белгиледи.

“Жарандардын кайсы транспорт менен жүрөрүн тандоого укугу бар. Бирок адамдар кезек күтүп, мага кайрылып жатса, мен буга көңүл бурбай коё албайм”,-деди.

Андан сырткары, Лукашенко газ-мотордук отун менен иштеген автобустар, ички күйүүчү кыймылдаткычы бар транспорттор жана электробустар чыгарылып, каттамдарга коюлганын айтып, энергетикалык объектилердин ишенимдүүлүгү эң актуалдуу маселе экенин да белгиледи. Ал Энергетика министрлигине бардык класстагы электр берүүчү линияларды жана жетиштүү кубаттуулуктагы көмөкчордондорду тез арада курууну тапшырды.

“Атомдук станция электр энергиясын өндүргөнү менен, эскирген зымдар жана көмөкчордондор керектүү кубаттуулукту көтөрө албай жатат", - деди өлкө башчысы.

Ошол эле учурда президент энергетика тармагындагы жаңылануу калк жана ишканалар үчүн белгиленген тарифтердин өсүү тартибинен ашпайт деп баса белгиледи.