Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талант Эралиев кардиология тармагына жасалма интеллектти киргизүү тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, учурда жасалма интеллект багытында стратегиялык жана масштабдуу долбоорлор ишке ашырылууда.
"Бейтап каалаган фельдшердик-акушердик пункттан, атүгүл дарыгер жок болгон учурда да электрокардиографиядан өтө ала турган тутумду киргизүү пландалууда. Алынган маалыматтар автоматтык түрдө эксперттик борборго жөнөтүлөт, ал жерден адистер аралыктан туруп аларды чечмелеп, корутунду беришет", — деди ал.
Эралиев кошумчалагандай, зарылчылык жаралса, бул маалыматтардын негизинде медициналык жардам көрсөтүү ыкчам уюштурулат.