Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Бишкекте BBC кыргыз кызматынын иштеп баштаганына 30 жыл толгонуна арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
”Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев BBC кыргыз кызматын мааракеси менен куттуктады. Ал үч он жылдыктын ичинде BBC кыргыз кызматы кыргыз журналистикасында өзүнүн ордун таап, коомду ыкчам, калыс жана сапаттуу маалымат менен камсыздоодо олуттуу салым кошконун белгиледи.
”Бүгүнкү күндө BBC’нин профессионалдык принциптерге, сөз эркиндигине жана эл аралык журналистиканын жогорку стандарттарына болгон берилгендиги көпчүлүк үчүн үлгү болуп саналат деп ишенем. Кызматтын кыргыз тилиндеги сапаттуу контентти өнүктүрүүгө, ошондой эле дүйнөлүк окуяларды кыргыз аудиториясына жеткирүүгө кошкон салымын өзгөчө белгилеп кетким келет. Бул жылдар аралыгында BBC кыргыз кызматы миңдеген окурмандардын жана угуучулардын ишенимине ээ болуп, маалыматтык мейкиндикте таанымал жана кадыр-барктуу брендге айланды. BBC’ге чыгармачылык ийгиликтерди, жаңы долбоорлорду ишке ашырууну жана мындан аркы өнүгүүнү каалайм”, — деди ал.
BBC кыргыз кызматынын башкы редактору Кубат Касымбеков ”Кабар” агенттигине берген комментарийинде, кызмат кыргыз журналистикасында чоң роль ойногонун белгиледи.
Анын айтымында, 30 жыл ичинде BBC Кыргызстандагы аудиторияга дүйнөдө болуп жаткан окуяларды тереңирек түшүнүүгө жардам берген.
”BBC дүйнөнү көрө турган терезенин ролун аткарды деп айтууга болот. Ошол эле учурда BBC кыргыз кызматы бүткүл дүйнөгө Кыргызстан жөнүндө билүүгө жардам берди. Эң негизгиси — 30 жыл ичинде BBC кыргыз кызматы кыргызстандыктарга өз үнүн бүткүл дүйнөгө жеткирүүгө көмөктөштү”, — деп баса белгиледи ал.
BBC’нин Европа жана Борбор Азия боюнча аймактык директору Ричард Колборн BBC дүйнөдөгү эң ири берүү корпорацияларынын бири экенин жана ар кайсы өлкөлөрдө иштеген көптөгөн эл аралык кызматтары менен кабарчылары бар экенин кошумчалады.
”Биз Кыргызстандын калкынын дүйнөдө болуп жаткан окуялардан эне тилинде жана жеткиликтүү форматта кабардар болушун каалайбыз. BBC үчүн адамдар маалымат алуу менен гана чектелбестен, ал окуялардын алардын күнүмдүк жашоосуна кандай таасир этиши мүмкүн экенин түшүнүүсү абдан маанилүү. Ошондой эле биз үчүн Кыргызстанда кабарчыларыбыздын жана кызматыбыздын болушу маанилүү. Бул дүйнөгө Кыргызстанда эмне болуп жатканын стереотиптик көз караштар аркылуу эмес, фактылар менен көрсөтүүгө жана аны бүткүл дүйнөгө жайылтууга шарт түзөт”, — деди ал.