Бажы кызматында иштетилген декларациялардын саны 873 миңден ашты

Министрлер кабинети Загрузка... 30 Январь 2026 16:00
697c41ca73165-thumb.jpg
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 30.01.26. /Кабар/. 2025-жылы иштетилген декларациялардын саны 873 миңден ашты, 2021-жылы бул көрсөткүч 113 миңди түзгөн.

Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев белгилегендей, олуттуу өсүшкө кызматкерлердин санын көбөйтпөстөн жетишилди. Бул процесстерди автоматташтыруу, жол-жоболорду санариптештирүү жана адамдык факторлордун таасирин азайтуу аркылуу мүмкүн болду.

Ошол эле учурда укук коргоо блогунда аналитикалык ыкмаларга жана тобокелдиктерге негизделген башкарууну киргизүү бажы мыйзамдарын бузуу фактыларын так аныктоого мүмкүндүк берди.