Бажы кызматы бюджетке 5,7 млн сомдон ашык каражат өндүрдү

Укук тартиби 12 март 2026 15:17
649832718_1387557570083405_8625381850541678471_n.jpg
650138051_1387557573416738_5405574878247674712_n.jpg
650492647_1387557740083388_1932362301712472397_n.jpg
649578235_1387557686750060_8595759988361422658_n.jpg
649651153_1387557693416726_7304623621766170050_n.jpg
649736758_1387557593416736_8178203324928324911_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Мамлекеттик бажы кызматы

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы товарларды бажылык тариздөөсүз мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктады.

Ведомствонун маалыматына караганда, Нарын шаарында убактылуу сактоого коюлган 18 тонналык майдалагыч жабдуу тиешелүү төлөмдөрү төлөнө электе эле ишкана тарабынан орнотулуп, пайдаланылып жаткандыгы белгилүү болду.

Ошондой эле "Ч.Ю." жана "Д.Д." компаниялары жооптуу сактоодо турган жалпы салмагы 100 тоннадан ашык курулуш материалдарын бажылык тариздөөдөн өткөрбөй туруп, курулуш иштерине иштетип жиберишкен.

Натыйжада Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексинин талаптарын бузгандыгы үчүн аталган компанияларга бажы алымдарын жана салыктарын төлөө милдети жүктөлгөн. Көрүлгөн чаралардын негизинде мамлекеттик бюджеттин кирешесине 5 млн 705 миң 550 сом өндүрүлдү.

Учурда топтолгон материалдар Бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.