Бажы кызматы мыйзамсыз катталган унаалардан 3,1 млн сом өндүрдү

Экономика Жүктөлүүдө... 08 Июль 2026 13:10
740741293_1017605104569958_7079157283049846233_n.jpg
739165213_888926230917233_2944563615994644157_n.jpg
741001091_1380259067338852_4427323945230216675_n.jpg
Алдыга
Артка
740741293_1017605104569958_7079157283049846233_n.jpg
739165213_888926230917233_2944563615994644157_n.jpg
741001091_1380259067338852_4427323945230216675_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Мамлекеттик бажы кызматы

Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Эки жүк ташуучу унааны баштапкы каттоодон мыйзамсыз өткөрүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 2012-жылы чыгарылган эки DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа Россиядан сатып алынган деген документтер менен катталган. Бирок Россиянын компетенттүү органдары бул унаалар бажылык тариздөөдөн өтпөгөнүн, ошондой эле аталган өлкөдө эч качан каттоого алынбаганын тастыкташкан.

"Эки транспорт каражаты боюнча төлөнбөй калган бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 3 млн 109 932 сомду түзгөн. Көрүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында мамлекетке келтирилген 3,1 млн сомдон ашык материалдык зыяндын орду толугу менен толтурулду. Учурда топтолгон материалдар мыйзамга ылайык процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди",-деп айтылат маалыматта.