Бажы кызматы: 2025-жылы 9,7 миңден ашык мыйзам бузуу аныкталды

Экономика 30 январь 2026 16:55
Бажы кызматы: 2025-жылы 9,7 миңден ашык мыйзам бузуу аныкталды

Бишкек, 30.01.26. /Кабар/. 2025-жылы укук коргоо ишмердигинин чөйрөсүндө 9792 бажы мыйзамдарын бузуу жана кылмыш аныкталган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын колегиясында айтылды.

Белгиленгендей, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө рекорддук натыйжалар да белгиленди: 830 кг ашык баңгизат жана 22 тоннадан ашык прекурсорлор кармалып, жок кылынды.