Батыш Нил вирусу Италияда 10 адамдын өмүрүн алды

Дүйнө Загрузка... 04 Август 2025 17:45
WhatsApp Image 2025-08-04 at 17.46.01.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.08.25. /Кабар/. Италияда Батыш Нил вирусунан каза болгондордун саны 10го жетти. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, кечээ Римдеги Спалланзани атындагы жугуштуу оорулар институтунда 93 жаштагы аял аталган вирустун айынан көз жумду. Бул быйылкы жылдагы онунчу, ал эми Лацио аймагындагы төртүнчү өлүм катталган учур болуп эсептелет.

Италиянын Улуттук Саламаттык сактоо институту 31-июлда жарыялаган отчетко ылайык:

- 2025-жылдын 24-июлунан 30-июлуна чейин Батыш Нил вирусунун 57 жаңы учур катталган;

- Жалпысынан өлкөдө 89 тастыкталган учур катталган;

- Бул жылдагы биринчи учур 20-мартта Пьемонт аймагындагы Новара провинциясында катталган.

- Экинчи учур 3-июлда Модена шаарында аныкталган.

Мамлекеттик органдар вирустун жайылышына өзгөчө көңүл буруп, алдын алуу чараларын күчөтүүдө. Вирус негизинен чиркейлер аркылуу жугуп, айрыкча карылар жана иммунитети төмөн адамдар үчүн кооптуу болуп саналат.