Бишкек, 23.10.25 /Кабар/. Батыш Европага бомба циклон деп аталган күчтүү бороон жакындап келе жатат. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, бороон аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн болгон, басымы тездик менен төмөндөгөн аймак. Анын таасиринен шамалдын ылдамдыгы саатына 160 чакырымга чейин жетип, нөшөрлөп жааган жаан-чачын жана транспорт системасында үзгүлтүктөр болушу ыктымал.
Циклон азырынча Франциянын Атлантика жээгине жеткен. Бүгүн анын борбору Ла-Манш каналына жетип, андан кийин Түндүк деңизди көздөй багыт алат. Анын таасири Испания, Бельгия, Нидерланды жана Германияга чейин жетиши күтүлүүдө.
Кара токой аймагында жана Түндүк деңиздин жээгинде шамалдын ылдамдыгы саатына 120 кмден ашат деп болжолдонууда. Германияда бороондун туу чокусу жума күнү түштөн кийин болушу күтүлөт. Анын кесепетинен электр энергиясында жана транспорт тармагында үзгүлтүктөр болушу мүмкүн.
Маалымат үчүн: Метеобомба деп аталган мындай бороон 24 сааттын ичинде атмосфералык басым 24 гПадан ашык төмөндөп кеткен учурларда колдонулат. Мындай табигый кубулуштар кооптуу шарттарды жаратып, олуттуу зыян алып келиши мүмкүн.