Баткен облусу акыркы жылдары кооптуу чек ара аймагынан өлкөнүн туруктуу жана коопсуз өнүгүү борборуна айланып, өз тарыхындагы эң ири социалдык-экономикалык өзгөрүүдөн өтүүдө. Мамлекеттик бюджеттин эселеп өсүшү жана өлкө башчысынын өзгөчө колдоосу менен аймакта ондогон заманбап мектептер, бала бакчалар, ички жолдор жана өндүрүш ишканалары курулуп, калктын айлык акысы, жөлөк пулдары менен пенсиялары сезилерлик жогорулады. Эң башкысы – чек ара маселеси чечилип, эл тынчтыкта жашап жатат. Бүгүнкү күндө өсүп жаткан айыл чарба, туризм сымал экономикалык дараметин толук ачуу үчүн Баткендин алдында заманбап логистикалык борборлорду куруу, кен байлыктарын натыйжалуу иштетүү жана инвестицияны аймакта кармап калуучу инновациялык ыкмаларды киргизүү милдеттери турат.
2020-жылдагы Баткен менен 2026-жылдагы Баткендин айырмасын жөн гана сандар менен чектеген болбойт. Бул убакыт аралыгы Кыргызстан эле эмес Борбордук Азия үчүн коопсуздукту, ишенимди, туруктуулукту алып келген тарыхый мезгил. Кыргызстандын Фергана өрөөнүндөгү эң жаш облусу бир нече жылда эле чыңалуу аймагынан социалдык-экономикалык жактан өнүгүүгө бет алган регионго айланды. 2020-жылдагы элдик толкундоолордон кийин өлкөнү өз жетегине алган президент Садыр Жапаров биринчилерден болуп чек ара маселелерди колго алганы маалым. Анткени, ошол убактагы чек арадагы абалдан өлкөнүн азыркы турпаты жана өнүгүүсү көз каранды эле.
2021-жылы облусту 2035-жылга чейин өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегиялык программа кабыл алынды. Ушул эле жылы кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр кызуу уланып, эки жыл ичинде тараптар чекти такташып алышты. Ал эми Тажикстан менен сүйлөшүүгө бир нече жыл керек болду. 2025-жыл – мамлекеттик чек ара толук такталып, өлкөнүн аймактык бүтүндүгү аныкталган тарыхый жыл деп таанылды. Үч мамлекеттин чек араларынын кесилишкен чекитинде Түбөлүк достук жөнүндө Худжант декларациясына кол коюлду.
Чек аралардын чечилишинин таасири чындыгында Кыргызстан үчүн тагдыр чечүүчү болду. Аймактагы туруктуулук инвесторлордун ишенимин кайтарып, сырттан капитал келе баштады. Экономиканын өндүрүш, айыл чарбасы, туризм сымал тармактарынын потенциалы ачыла баштады. Алсак, бир нече жыл мурун эле Баткен өкмөттүн дотациясында отурган экономикасы өтө чакан облус эле. Азыр өздук кирешелери эки эсеге көбөйдү.
2021-жылы Баткендин аймактык дүң продукциясынын көлөмү 27 млрд 83 млн сом болсо, 2027-жылга чейин бул көрсөткүч 67 миллиарддан ашканы калды. Анын ичинен 8 млрд сомдон ашыгы өндүрүшкө таандык. Өндүрүш демекчи, жыл сайын Кыргызстан Эгемендүүдүк күнүнө карата өлкө боюнча 100 өнөр жай ишканасы ачылып келет. Кадамжайдагы сурьма комбинаты сымал оор өндүрүш колго алына баштады. Быйыл жыл аягына чейин ишке берилчүлөрү дагы бар. Баткенди өнүктүрүү үчүн 2026-жылы 6 млрд 200 млн сом бөлүнүп, ишке ашырылууда.
Айтмакчы, Баткен өзгөчө макамдагы облус. Бул макамдын арты менен чек арага жакын аймактардагы ишкерлерге салыктык преференциялар берилди. Чекте жашаган пенсионерлерге ай сайын адаттагы пенсияга 2000 сом кошумча төлөнүүдө. Ошондой эле көп бүлөлүү үйлөрдүн балдарына төрөлгөндөн тарта 3 жашка чейин 3000 сом чегерилип жатат.
Баткен облусу түзүлгөн 2000-жылдан бери алгачкы жолу ири инфраструктуралык жана социалдык жаңылануу доорун башынан кечирүүдө. Бийликтин аймактарды өнүктүрүү саясаты жана республикалык бюджеттин эселеп өсүшү аймакка да таасирин тийгизүүдө. Бул туурасында Баткен районунун мурунку акими, региондогу белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Хаит Айкынов “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, эми Баткенге айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалар жана продукцияларды тууралап сатуучу логистикалык борборлор зарыл.

“Баткенде облус болуп түзүлгөн 2000-жылдан бери көзгө көрүнө турган курулуштар болгон деле эмес. Акыркы жылдары мамлекеттик маанидеги имараттар, бала бакчалар баштаган социалдык объекттер курулуп жатат. Өзгөчө мектептер арты-артынан салынып, ишке берилүүдө. Президенттин демилгеси жана тапшырмасы менен ар бир айылда спорттук футболдук аянтчалары курулуп жатат. Алыска бара турган негизги жолдордун баары асфальтталды. Өлкө башчы жакынкы 2-3 жылда айылдарга чейин барып, ички жолдорду да асфальттоого мүмкүнчүлүк бар деп сөз берип кетти. Өндүрүштө кыш, асфальт, бетон заводдору курулуп жатат. Ушунун баары республиканын жетишкендиктеринин, өлкөнүн жалпы боюжетинин эселеп көбөйгөнүнүн шарапаты менен болуп жатат. Баткен чакан болгону менен шарты оор. Андыктан мамлекеттик колдоо да сезилерлик деңгээлде. Айлык акылар, жөлөк пулдар көбөйүп, чек арага жакын жашаган пенсионерлердин адаттагы пенсиясына дагы 2000 сомдон кошулган.
Эң негизги жетишкендик – чек аралардын чечилгени. Такталып, казыктар кагылып, белгилер орнотулду, зым тор менен тосулду. Чектеги эл тынч жашоого мүмкүнчүлүк алды. Бир эле мисалды айтып берейин, 2021-жылдагы чек арадагы кайгылуу окуялардан кийин өкмөт бардык шарты менен жаңы үйлөрдү салып берген. Бирок жашоочулар үй-жайына күндүз барган менен кечкисин түнөбөй кетип калышчу. Азыр андай жок. Тилкелер тосулуп, баары мурдагыдай өз үйлөрүндө жашап жатышат.
Эми бизге логистикалдык борборлор, кайра иштетүүчү ишканалар керек. Анткени, өндүргөн продукцияны, жыйнаган түшүмдү дыйкандар август-сентярь айларында өтө арзан сатып жатышат. Аларды сактап, кийин кымбаттаганда сатуу боюнча ыңгайлуу шарттарды түзүү керек. Мындан сырткары, Баткен жаратылыш байлыктарынын камылгасына өтө бай. Менделеевдин таблицасындагы элементтер бүт эле бар. Ошолорду мамлекетке, аймакка пайдасы тийгидей кылып иштетүү керек”, - деди Хаит Айкынов.
Баткен коңшу өлкөлөрдүн курчоосунда жайгашкан географиялык өзгөчөлүгү менен Кыргызстан үчүн жөн гана катардагы аймак эмес, өлкөнүн коопсуздугун аныктаган негизги стратегиялык регион болуп саналат. Кадамжай сурьма комбинаты сыяктуу оор өнөр жай дараметине, айыл чарба жана туризм секторунун өсүшүнө карабастан, аймактын экономикасын жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн дагы да реформалар талап кылынат. Мындай пикирин экономист Улукман Мамытов билдирди.

“Баткен - жөн эле аймактардын бири эмес. Борбордон алыс турса да стратегиялык жактан маанилүү регион. Ошондуктан Баткендин экономикасын колдон келишинче көтөрүшүбүз керек. Азыр Баткенде бир нече сектор, ошол эле айыл чарба, туризм өнүгүп келе жатат. Президент айткандай Борбор Азияда атайын туристтик виза кылсак болот.
Мен экономист катары жеке Баткен үчүн эки багытты сунуштайт элем. Айыл чарба, дыйкан-фермерлер үчүн логистикалык компаниялар керек. Өндүрүш өскөн сайын продукцияларын логистика болмоюн аларды сата албай калышат. Мисалы, текстиль тармагы, Таластын буурчагы деле ушундай абалда. Кандай гана өндүрүш же айыл чарбасы болбосун ага логистиканы байлап, өнүктүрүшүбүз керек.
Экинчи сунушум, Баткен эң алыскы регион болгондуктан, ал жакта жаштарды алып калып, экономиканы өстүрүү үчүн санариптик сом системасын киргизүү керек. Мисалы, Баткенге жеткен инвестициялар ошол жактан чыгып кетпеш үчүн сомду программаласак болот. Ал акча Бишкекке келсе күчүн жоготот. Эгер каражатты Баткенге байласак ошол жактын өндүрүшчүлөрүнө айыл чарбасына, жалпы экономикасына барат”, - деди Улукман Мамытов.
Баткенде жасала турган иштер али алдыда. Эгемендиктин жылдары Баткендин көйгөйү жалпы Кыргызстандын көйгөйү болуп, Баткендин баатыр эли бир топ сыноолордон өтүп, жоготууларды баштан кечирди. Акыркы алты жылда президент Садыр Жапаров “Кыргызстан Баткенден башталат” урааны менен аймакты өнүктүрүүгө бет алды. Бул убакыт аралыгында Баткен артта калган аймактан, ички өндүрүшү кызый баштаган, жолдору оңдолгон жана чек арасы бекемделген Кыргызстандын стратегиялык тирегине айлана алды.