Баткендеги жубайлардын өлүмү. Милиция кылмыш ишин козгоду

Укук тартиби Загрузка... 27 Апрель 2026 10:50
2.jpg
copyright icon Баткен ОИИБ

Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Баткен районунда каза болгон жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-апрелде саат менен 10:00 чамасында райондук милицияга Чоң-Кара айылынын тургуну 45 жаштагы К.А. өзүнүн жубайы 44 жаштагы Э.Г.ны өлтүрүп, андан соң өзүнө-өзү кол салып, каза болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул маалымат каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу, ошондой эле облустук жана райондук милиция жетекчилиги барып, жеринде кароо жүргүзгөн.

Алдын ала маалыматка ылайык, 26-апрелге караган түнү К.А. белгисиз себептерден улам балдары уктап жаткан учурда уктоочу бөлмөдө жубайын бычак менен бир нече жолу сайган. Натыйжада аял окуя болгон жерде каза болгон. Андан соң ал үйдүн короосундагы өрүк бакка мал байлоочу жип менен өзүн-өзү асып, каза болгон.

Окуя болгон жерден далил катары ашкана бычагы жана жип алынган.

Аталган факты боюнча "Адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.