Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Баткенде туризмди өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов облус башчысынын орун басары Максатай Мамытбекова менен жолугушуп, туризм тармагындагы негизги маселелерди жана аны өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Андан соң Баткен облусунун администрациясында жергиликтүү ишкерлердин катышуусунда жыйын өттү.
Жолугушууда туризмди өнүктүрүү, туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу, туристтик инфраструктураны өркүндөтүү жана жергиликтүү ишкерлердин сунуш-пикирлери талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө ишкерлер менен пикир алмашуу болуп, туризм тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу боюнча сунуштар айтылды.