Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында сел өткөрүүчү сайлардын жээктерин бекемдөө жана коргоо курулуштарынын жүрүшү менен жеринде таанышты.
Ведомстводон билдиришкендей, алгач министр Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы Өрүкзар тилкесинде жүргүзүлүп жаткан капиталдык курулуш иштерин көрүп, Лейлек районунун Айкөл айылында сай жээктерин бекемдөө боюнча долбоордук-сметалык документтерди тез арада даярдоону тапшырды.
Мындан тышкары, Шор-Булак сел өткөрүүчү каналы боюнча кошумча каржылоо булактарын издөө милдети коюлуп, Сүлүктү шаарындагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу жана Лейлек районунда заманбап куткаруу бөлүмүн куруу маселеси да талкууланды.