Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Баткен шаарындагы Курук сайда жайгашкан көпүрөлөрдү кеңейтүү жана оңдоо чечими кабыл алынды.
ӨКМдин облустук башкармалыгынан билдиришкендей, бул маселе өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин Баткенге болгон иш сапарынын алкагында өткөн жыйында каралды.
"Көпүрөлөр заманбап инженердик талаптарга ылайык реконструкцияланып, сел учурунда суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү жогорулатылат. Бул өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин азайтып, шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоого шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, быйылкы нөшөрлүү жаандан кийин келген сел суулары Курук сайдагы көпүрөлөрдөн ашып өтүп, турак үйлөрдү жана Баткен электр тармактары ишканасынын имаратын каптап, материалдык чыгым алып келген.