Баткенде мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулуктун алдын алуу маселеси талкууланды

Аймак 1180 17 Февраль 2025 15:30
480228270_1168024008024386_6231771087206196244_n.jpg
480161698_1168023908024396_8578829390681190186_n.jpg
480561147_1168023918024395_7015944935468322736_n.jpg
480163581_1168023914691062_7076454047969945131_n.jpg
Алдыга
Артка
480228270_1168024008024386_6231771087206196244_n.jpg
480161698_1168023908024396_8578829390681190186_n.jpg
480561147_1168023918024395_7015944935468322736_n.jpg
480163581_1168023914691062_7076454047969945131_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүн басма сөз кызматы

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов мектеп окуучуларынын коопсуздугу боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ага жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын, билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана мектеп директорлору, ата- энелер комитетинин төрагалары катышты.

Жыйында мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча сунуш-пикирлер ортого салынып, маселенин себептери, чечүү жолдору талкууланды.

Облус башчысы жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту болтурбоо боюнча облуста 16 мамлекеттик органдын жетекчилигинен турган координациялык кеңешменин ишинин натыйжалуулугун арттыруу менен, ар бир жетекчиге өз милдетин так аткаруу зарылдыгын эскертти.

Жыйында балдардын жасаган кылмышы жана жоруктары үчүн жоопкерчиликке тартууда белгиленген жаш курагын өзгөртүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү, кылмышка барган баланын ата-энесинин моралдык жоопкерчилигин кароо менен мамлекеттик кызматтардан четтетүү, өлкөдө компьютердик оюн клубдарын жабуу, мектептерде жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлорунун кааналарын ачуу боюнча сунуштар айтылды.

Кеңешменин соңунда облус башчысы окуучулар арасында кылмыштуулукту болтурбоо боюнча жетекчилерге бир катар тапшырмаларды койду.

Алар;
-Мектептердеги тарбиялык сааттардын маани маңызы, сапатына көңүл буруу;
-Балдарды сабактан кийинки убакта пайдалуу ийримдерге катыштырууну уюштуруу;
-Опузалап акча талап кылуу, уурулук, унаа айдоо жана психотроптук заттарды колдонуу, зомбулук сыяктуу терс көрүнүштөргө бөгөт коюу;
-Окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү:
-Ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү
-Маалымат каражаттарынан социалдык роликтерди даярдап, таратуу.