Баткенде кыргыз-тажик чек арасынын 160 чакырымы зым менен тосулду

Аймак Жүктөлүүдө... 07 Август 2026 16:50
666722831_1488.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90 (1).webp
768391153_1583803716611028_2605035065282260826_n.jpg
766890102_1677624884370560_5933486128363396203_n.jpg
761633299_2579100852531437_7596429274130890831_n.jpg
764833126_1366440175679246_322230882038986169_n.jpg
765958755_1576199570843242_6164864031947497102_n.jpg
767032088_1043319721805053_4891071760851564927_n.jpg
767031669_1578625970629806_3084848742175161733_n.jpg
767101632_1974297849937075_5896273417684208840_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаевдин төрагалыгы алдында облус, район жетекчилиги жана күч түзүмдөрүнүн катышуусунда кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин инженердик тосмолор менен жабдуу иштеринин жүрүшү, чек аранын коопсуздугун чыңдоо, мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу жана аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү маселелери кеңири талкууланды.

Жыйында чек ара тилкесинде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге баа берилип, тиешелүү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн мындан ары өркүндөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу, инженердик тосмолорду орнотуу иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу жүргүзүү, ошондой эле аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү боюнча конкреттүү чечимдер кабыл алынды.

Белгилей кетсек, чек ара тилкесине зым тосмолорун тартуу иштеринин алкагында 6-августка карата Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 160 чакырым 558 метр аралыгы тосулду.