Баткенде курулуш эрежесин бузган компанияга 200 миң сом айып салынды

Укук тартиби 987 12 Март 2026 09:33
1.jpg
649940531_1434490904816621_3585427086283768247_n.jpg
650044362_1434490841483294_4145942778093103657_n.jpg
650049598_1434490764816635_6077267835954580006_n.jpg
650109035_1434490808149964_6800889555735577301_n.jpg
650476692_1434490814816630_7601253832741987517_n.jpg
650494678_1434490894816622_7294406600123699742_n.jpg
650856907_1434490851483293_6972161652260744285_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Баткен районунда таза суу долбоорун ишке ашырууда техникалык регламенттерди сактабагандыгы үчүн курулуш компаниясына айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө "Инженерная Защита" ЖЧКсы курулуш иштеринин негизги этаптарын тиешелүү тартипте кабыл алып, тапшырган эмес. Бул аракеттер курулуш процессиндеги коопсуздук жана сапат талаптарынын бузулушу катары бааланды.

Натыйжада компанияга карата тиешелүү акт түзүлүп, техникалык регламентти бузгандыгы үчүн ишканага 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.