Баткенде Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүнүн кызматкери кармалды

Укук тартиби Загрузка... 12 Май 2025 12:57
copyright icon www

Бишкек,12.05.25. /Кабар/. Баткен облусунда Коргоо министрлигинин «Мурас» аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери Ж.А.С. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 28-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бодо малдарды аткезчилер менен бирге жеке өзү коштоп Тажикстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда Баткен облусунун Лейлек районунун Интернационал айылында Коргоо министрлигинин «Мурас» аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери Ж.А.С. кармалды.

Материалдар мындан аркы укуктук баа берүү үчүн КР Аскердик прокуратурасына өткөрүлүп берилди.