Баткенде Кара-Мойнок жана Баул суу топтоо курулмалары тазаланат

Аймак 994 06 Февраль 2026 17:33
625345339_1439792267514224_3863222837409287480_n.jpg
625679360_1439792394180878_3831841962521236122_n.jpg
627655846_1439792247514226_455473540060137317_n (1).jpg
Алдыга
Артка
625345339_1439792267514224_3863222837409287480_n.jpg
625679360_1439792394180878_3831841962521236122_n.jpg
627655846_1439792247514226_455473540060137317_n (1).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Баткен облусунда Кара-Мойнок жана Баул суу топтоо жайлары тазаланат. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Кара-Мойнок суу топтоо жайы үч айылдагы 264 гектар айдоо жерин суу менен камсыздайт. Анын жалпы сыйымдуулугу 500 куб метрди түзөт. Быйыл бул жерди селден коргоо үчүн атайын сел өтүүчү курулмалар салынган.

Ал эми Баул суу сактагычы 1982-жылы курулган. Анын сыйымдуулугу 150 миң куб метр болуп, 130 гектар жерди сугарат.

Учурда Баул суу сактагычын оңдоо үчүн долбоор даярдалды. Курулуш иштери 2026-жылдын экинчи жарымында башталып, ага 26 миллион сом бөлүнөт.

Мындан тышкары, август айында суу сактагычтардагы суунун көлөмүн көбөйтүү үчүн тазалоо иштери жүргүзүлүп, суу тосмолору оңдолот.