Баткенде калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапаты текшерилди

Ден соолук 634 03 Июнь 2026 11:15
710516881_1013185537775481_2506272210793354893_n.jpg
711618716_1013185551108813_6300431971650744705_n.jpg
711670939_1013185541108814_2081950807574600054_n.jpg
712196633_1013185544442147_4616044222619098858_n.jpg
710365335_1013185464442155_4359945183414937905_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов иш сапарынын алкагында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Баткен аймактык башкармалыгына барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, министрге фонддун ишмердүүлүгү, эмгек жамаатынын иши, Мамлекеттик кепилдиктер программасынын аткарылышы, милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана жетишилген көрсөткүчтөр тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары, Баткен облусунун өзгөчө статусу жөнүндө токтомдун аткарылышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.

Министр калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, ошондой эле медициналык камсыздандыруу системасынын натыйжалуулугун арттыруу багытындагы иштердин маанилүүлүгүн белгиледи.