Баткенде чек арадан мыйзамсыз мал өткөрүү аракетине бөгөт коюлду

Укук тартиби Загрузка... 13 Март 2026 14:35
WhatsApp Image 2026-03-13 at 11.30.33.jpeg
copyright icon Мамлекеттик чек ара кызматы

Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Баткенде кыргыз-тажик чек арасынан ири мүйүздүү малды мыйзамсыз өткөрүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, белгисиз үч адам чек арага жакын жерден 3 баш ири мүйүздүү малды айдап өтүүгө аракет кылышкан. Чек арачылардын ыкчам аракетинин натыйжасында Мазар тилкесинен 2010-жылы туулган Кыргызстандын жараны С.У.К. кармалды. Калган эки адам качып кетүүгө үлгүргөн.

Учурда качкан эки адамды издөө иштери жүрүп жатат. Кармалган жаран жана мал чек ара бөлүмүнө жеткирилип, мыйзам чегинде тийиштүү документтер толтурулууда.

WhatsApp Image 2026-03-13 at 13.07.25.jpeg