Баткенде айылдарга таза суу кирип, жолдор асфальтталууда

Министрлер кабинети 02 Июнь 2026 18:00
6a1e9971ce0c1.jpeg
6a1e9973e7579.jpeg
6a1e99742fd2a.jpeg
6a1e9972a7805.jpeg
6a1e99763a97c.jpeg
6a1e99764d3f8.jpeg
6a1e99756cbdc.jpeg
6a1e99755c4ca.jpeg
6a1e9971f1fb4.jpeg
Алдыга
Артка
6a1e9971ce0c1.jpeg
6a1e9973e7579.jpeg
6a1e99742fd2a.jpeg
6a1e9972a7805.jpeg
6a1e99763a97c.jpeg
6a1e99764d3f8.jpeg
6a1e99756cbdc.jpeg
6a1e99755c4ca.jpeg
6a1e9971f1fb4.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эки күндүк иш сапары менен Баткен облусуна барып, алгач Лейлек районундагы бир катар объектилерге баш бакты.

Сапарынын жүрүшүндө минкаб төрагасы Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы Раззаков жана Максат айылдарынын курулушу менен да таанышып чыкты.

Кыргызстандын Турукташтыруу фондунан Лейлек районунун Раззаков айылындагы жаңы конушту ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын монтаждоо үчүн 39 млн  сом, ал эми Максат айылына 15 млн сом акча каражаты бөлүнүп, учурда ичүүчү таза суу жана канализация системасы пайдаланууга берилди. 

Мындан тышкары Раззаков айылына  2,4 чакырым жолго асфальт төшөө иштери толук аяктап, бүгүнкү күндө  кошумча лоток жана бордюрлар коюлууда. Ал эми Максат айылына 1 чакырым 120 метр асфальт төшөө үчүн жолдун негизи бүткөн. 

Ошондой эле минкаб башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Жыйынтыгында Адылбек Касымалиев аталган айылдарга көчүп келген жарандар үчүн бардык шарттарды түзүү зарылчылыгын белгилеп, социалдык обьектилерди өз убагында сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.