Бишкек, 18.03.26 /Кабар/. Баткенде алимент төлөөдөн баш тарткан жаран эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматы билдирет.
Баткен облустук соту алимент төлөөдөн качкан М.У.Ж. аттуу жаранды 2 жылга эркиндигинен ажыратты. Ал 2022-жылдан 2025-жылга чейин 313 миң 833 сом төлөгөн эмес.
Сот аткаруучулардын эскертүүлөрүнө карабай, соттун чечимин аткаруудан баш тарткандыгы үчүн ал Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси ("Ата-энелердин балдарын багуудан качуусу") боюнча күнөөлүү деп табылып, сот залынан камакка алынды.