Баткен, Жайыл, Араван райондоруна жаңы акимдер дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 28 Февраль 2025 18:25
WhatsApp_Image_2025_RYkrbtz.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек,28.02.25./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бир катар райондорго жаңы акимдерди дайындады. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирет.

Президент кол койгон тескемелерге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык,

Иманалиев Данир Белекович Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким,

Эркимбаев Данияр Жантаевич Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким,

Бурканов Имамназар Апызович Чүй облусунун Жайыл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким болуп дайындалды.