Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Жаныбек Исаков Нарын облусунун Жумгал районунун акими кызмат ордунан бошотулду.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Исаков Жаныбек Маматович өз каалоосу боюнча ээлеген кызмат ордунан бошотулду.