Исматилла Маматов Жумгал районунун акими болуп дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор 13 октябрь 2026 14:14
Исматилла Маматов Жумгал районунун акими болуп дайындалды

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Исматилла Маматов Нарын облусунун Жумгал районунун акими болуп дайындалды.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренесине ылайык Маматов Исматилла Абдилазизович Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.