Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 7 райондун акимдерин кызматтан бошотту.
Президенттин чечимине ылайык, төмөнкүлөр ээлеген кызматтарынан бошотулду:
- Ош облусунун Ноокат районунун акими Субагожоев Жакыпбек Мойдунович;
- Баткен облусунун Баткен районунун акими Жоробаев Учкунбек Имамалиевич;
- Базар-Коргон районунун акими Карагулов Мирлан Кынатбекович;
- Ак-Суу районунун акими Насиров Мунарбек Жумабаевич;
- Араван акими Кулубаев Сейтек Дөлөтбекович;
- Талас облусунун Манас районунун акими Жээнбеков Досмамбет Аматович;
- Талас районунун акими Нармырзаев Нургазы Жакыпович.
Эске салсак, бүгүн 21-февралда "Ынтымак-Ордодо" өткөн президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунун жыйынтыгында бир катар катаал чечимдер кабыл алынып, аталган райондордун жетекчилерин кызматтан алуу сунушу президенттин кароосуна киргизилген.