Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо министри болуп дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар Каныбек Досмамбетовду саламаттык сактоо министринин кызматына дайындоого макулдук берген.