Медицинада жаңы технологияларды колдонуу негизги милдет – министр

Ден соолук 8 октябрь 2026 17:55
Медицинада жаңы технологияларды колдонуу негизги милдет – министр
copyright icon Министрлер кабинети

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда медицина тармагын өнүктүрүүдө жаңы технологияларды жана дүйнөлүк стандарттарга ылайык протоколдорду кеңири колдонуу негизги милдеттердин бири болуп турат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов "Клиникалык оорукананын" 80 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, бул үчүн өлкө боюнча медициналык инфраструктура жаңыланып, заманбап жабдуулар менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө.

“Акыркы жылдары президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Кыргызстандын медицинасы өнүгүүнүн жаңы этабына чыгып, медициналык инфраструктураны жакшыртууга жана заманбап жабдуулар менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурулууда. Кыргызстандын медицинасы акыркы жылдары президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жаңы деңгээлге чыгуу этабында турат. Азыр Кыргызстан боюнча бардык жактарда инфраструктура жакшыра баштады. Эми ошого ылайык биздин жаш дарыгерлерибиз жаңы, заманбап технологияларды дүйнөлүк стандарттарда, дүйнөлүк протоколдордун негизинде колдонушу керек. Бул азыркы учурдагы эң негизги милдеттерибиздин бири болуп турат. Албетте, бул жасалып жаткан иштердин бардыгы элдин саламаттыгы үчүн", - деди Осмонов.

Ошондой эле ал жакынкы убакта жаңы заманбап клиника куруларын айтып, анда дүйнөлүк стандарттарга жооп берген шарттар түзүлөрүн белгиледи.

"Мына бүгүн эң жакшы кабарды уктуңуздар, жаңы заманбап клиника курулат. Анын ичинде, албетте, дүйнөлүк стандарттарга жооп берген палаталар, операциялык бөлмөлөр, заманбап талаптарга жооп берген лабораториялар болот", - деди министр.

Мындан тышкары, министр "Клиникалык оорукананын" 80 жылдык тарыхында оор шарттарга карабастан элге кызмат кылган дарыгерлердин эмгегин өзгөчө белгиледи.

"Бул 80 жылдын ичинде биздин дарыгерлердин абдан чоң жоопкерчилиги, оор убактарда да иштеген абалы бар. Өзгөчө 1990-жылдардан 2000-жылдарга чейин оор абалда өзүнүн жумушун сүйүп, элге жардам берип, эч кандай шартка карабастан, дары-дармек, технология жагынан жетишсиздиктер болгонго карабастан, өзүнүн кесибин мыкты аткарып, сүйүү менен элге саламаттык берген бардык дарыгерлерге чоң таазим!" - деди Дамирбек Осмонов.

Ошондой эле ал медициналык инфраструктураны өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп жаткан президент Садыр Жапаровго жана министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге ыраазычылык билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик деңгээлде кабыл алынып жаткан чечимдер медицина тармагындагы инфраструктураны жакшыртууга жана жакынкы келечекте дагы жакшы жетишкендиктерге жетишүүгө өбөлгө түзөт.

Эскерте кетсек, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн КР Президентинин Иш башкармасына караштуу “Клиникалык оорукананын” 80 жылдыгына арналган иш-чарада президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жакынкы жылдары 12 кабаттуу заманбап медициналык корпус курулаарын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев маалымдады. Минкаб төрагасынын айтымында, жаңы медициналык корпустун техникалык-экономикалык негиздемеси учурда даярдалып жатат.