Баткен шаарында көп балалуу 9 энеге мамлекеттик сыйлыктар берилди

Аймак Жүктөлүүдө... 04 Август 2026 13:40
1727439375.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Баткен шаарында көп балалуу энелерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Сыйлык тапшыруу аземинде шаар мэри Сейтек Кулубаев энелерди куттуктап, алардын үй-бүлө жана коом алдындагы эмгеги жогору бааланарын белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө 4 энеге "Баатыр эне" ордени, 5 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылды.

Маалыматка ылайык, учурда Баткен шаарында 331 "Баатыр эне" орденинин жана 181 "Эне даңкы" медалынын ээси бар.