Баткен облусуна 5 жасалма дем алдыруучу аппарат берилди

Ден соолук 01 Декабрь 2025 14:05
591714945_870997951994241_1293509761474216586_n.jpg
590091099_870997955327574_1002396986767402_n.jpg
591744576_870997958660907_5945365488476845050_n.jpg
591752922_870997961994240_6630327896113280789_n.jpg
591837289_870997965327573_3265665778995358664_n.jpg
592900181_870997945327575_2459931801746118521_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. Баткен шаарынын жана Баткен облусунун неонатология бөлүмдөрүнө беш жасалма дем алдыруучу аппарат берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабдыктар БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан "Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын бекемдөө" долбоорунун алкагында сатып алынган. Жабдуунун жалпы наркы 65 миң доллардан ашты.

Медициналык жабдык жаңы төрөлгөн ымыркайларга, анын ичинде оор абалдагы жана дем алуу жетишсиздиги бар балдарга өмүр үчүн маанилүү жардам көрсөтүүгө арналган.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев БУУнун Өнүктүрүү программасына көп жылдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, берилген жабдуу өлкөнүн неонаталдык жардамды күчөтүү жана ымыркайлардын өлүм көрсөткүчүн азайтуу боюнча приоритеттерине толук шайкеш келерин белгиледи.