Баткен облусунда жер титиреди

Кырсык Загрузка... 09 Декабрь 2025 09:00
1084863015_0_257_27.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. Баткен облусунда 8-декабрда саат 20:15те жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 4 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн очогу Баткен районунун Рават айылынан түндүк-чыгышка карай 12 чакырым, Лейлек айылынан түндүк-чыгышка карай 17 чакырым, Ак-Татыр айылынан түндүк-батышка карай 17 чакырым, Баткен шаарынан түштүк-батышка карай 48 чакырым аралыкта жайгашып, Рават айылында 3,5 балл, Үч-Дөбө, Ак-Татыр айылдарында жана Лейлек районунун Лейлек айылында 3 баллга чейин сезилген.

Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.