Баткен облусунда мандариндин сортторун сыноо пландалууда

Аймак Загрузка... 26 Март 2025 09:16
WhatsApp Image 2025-03-26 at 10.27.18.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 26.03.25. /Кабар/. Быйыл Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменти Баткен облусунда мандариндин сортторун сыноону пландоодо.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришкендей, суукка чыдамдуу көчөттөр Түркиядан алынып келинет.

Сыноолордун алкагында түрк мандарининин сортторун Баткен облусунун климаттык шартына ыңгайлашуусун, төмөнкү температурага туруктуулугун жана потенциалдуу түшүмдүүлүгүн баалоо пландаштырылууда.

Мандарин сортторун сыноо ийгиликтүү өтө турган болсо белгилүү көлөмдө өндүрүштү жолго коюуга мүмкүнчүлүк түзүлүп, өлкөнүн ички рыногунда жергиликтүү продукциянын ассортиментин кеңейтүүгө шарт түзүлөт.