Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Балыкчы – Жалал-Абад альтернативдик жолунун Кызарт ашуусунда жол тейлөө кызматкерлери үчүн жаңы пункт пайдаланууга берилди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, объект Кочкор – Жумгал жолунун 107-чакырымында жайгашкан. Имаратта кызматкерлер үчүн иштөө жана эс алуу бөлмөлөрү, жылынуучу жана тамактануучу жайлар, ошондой эле атайын техникалар үчүн жылытылган гараждар каралган.
Белгиленгендей, аталган жолдун үч тилкесинде тейлөө пункттарын куруу пландалган. Калган эки объект Тогуз-Торо районундагы 260-чакырымда жана Сузак районундагы 357-чакырымда курулуп, аяктоо алдында турат.
Долбоордун наркы 210 млн сомдон ашык деп бааланган. Кошумча инженердик иштер менен бирге объекттерди болжол менен 140 млн сомго бүткөрүү мүмкүнчүлүгү каралган.