Токтогулда 100 баш уйга ылайыкталган заманбап ферма курулууда

Аймак
Токтогулда 100 баш уйга ылайыкталган заманбап ферма курулууда
copyright icon WWW

Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Токтогул районунун Комсомол айылында 100 баш саан уйга ылайыкталган заманбап ферманын курулушу 80 пайызга аяктады.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, долбоорду жеке ишкер Дайырбек уулу Улукбек мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана сүт өндүрүүнү көбөйтүү максатында ишке ашырууда.

Ишкер жаз айларында Чехиядан сүт багытындагы асыл тукум уйларды алып келүүнү пландап жатат. Күтүлүп жаткандай, ар бир уйдан күнүнө орточо 20 литрден кем эмес сүт алынат. Ферма толук кубаттуулукта иштегенде күнүнө кеминде 2 миң литр сүт өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан тышкары, ишкер ферма ишке киргенден кийин сүттү кайра иштетүүчү цех курууну көздөп жатат. Бул үчүн кошумча каржылоо тартуу максатында "АБанк" аркылуу насыя алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.